«Капитал Банк» 2020-2021-жылдар үчүн дивиденддерди төлөйт
“Капитал Банк” ААКсынын акционерлеринин жылдык жалпы чогулушу болду. Бул тууралуу Кыргыз фондулук биржасы билдирди.
Жыйында 2020-2021-жылдардын жыйынтыгы боюнча пайданы бөлүштүрүү тартиби жана банктын акционерлерине дивиденддерди төлөөнүн өлчөмү бекитилди.
“2020-жылдын акырына карата бөлүштүрүлбөгөн пайда бир жөнөкөй акцияга 4,32 сом өлчөмүндө дивиденддерди төлөөгө жумшалат, 2021-жылы бир акциянын баасы 4,14 сомду түзөт”, - деп белгилейт КФБ.