Microsoft компаниясын капиталдаштыруу 2 триллион долларга жетти

24 июня 2021, 11:00

Майкрософттун капиталдаштырылышы биринчи жолу эки триллион долларга жетти. Бул тууралуу Bloomberg агенттигине шилтеме берүү менен Forbes жазды.

Гезит белгилегендей, компания мындай көрсөткүчкө жетишкен Apple жана Saudi Aramco компанияларынан кийинки орунда болуп калды. Буга компаниянын акцияларына инвестициялар көмөктөшкөн. Бирок, соодалоонун жабылышына карата компаниянын баасы 1,9 триллион долларга чейин төмөндөгөн.