Кара-Балтада бала бакчанын имараты мэриянын балансына кайтарылды

16 марта 2023, 09:33

Жалпы баасы 34,5 миллион сомду түзгөн бала бакчанын жана дарыкананын имараты Кара-Балта шаарынын мэриясынын балансына өткөрүлдү. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.

Муниципалитеттин карамагына төмөнкү мүлктөр кайтарылып берилди: 

  • 488 метр жер тилкеси менен дарыкана имараты;
  • жалпы аянты 1039,8 метр бала бакчанын имараты;
  • 8115,9 метр жер тилкеси.  

“Бирок жогорудагы бардык мүлктөр муниципалдык менчикке алынган эмес. Көз карандысыз баалоочулар жогорудагы жер тилкелерин жана курулуштарын 34 млн 591 миң 992 сомго баалады”, - деп айтылат маалыматта.