Кара-Балтадагы футбол аянтчасына Жапония 88,6 миң доллар грант берди
Гранттык программанын алкагында Жапония өкмөтү Кара-Балта шаарында 300 орундуу жаңы футбол аянтчасын куруп берди. Бул тууралуу Кыргызстандагы Жапония элчилиги билдирди.
Долбоорду ишке ашырууга Жапония 88 613 доллар бөлгөн, ал эми жергиликтүү бюджеттен 2 980 700 сом бөлүнгөн.
“Кара-Балта шаарындагы футбол аянтчасына жасалма газон төшөө” долбоору “Маданият тармагына чакан гранттык жардам” гранттык программасынын алкагында жүзөгө ашты.