«Кара-Балта спирт заводу» жети жылдан кийин ишин жандантты

18 августа 2022, 09:01

“Кара-Балта спирт заводу” мамлекеттик ишканасы курамында крахмал бар чийки заттын негизинде спирт өндүрүшүн баштады, деп билдирди Министрлер кабинети.

Ошентип, комбинат бүгүнкү күндө 5,8 миң декалитр кымбат спиртти чыгарды.

“Кара-Балта спирт заводу” жети жылдан кийин ишин жандантты, завод акыркы жолу 2015-жылы крахмал бар чийки заттын негизинде этил спиртин чыгарган.

Маалым болгондой, токтоп турган ишкана президенттин “Этил спиртин өндүрүүгө, сактоого жана сатууга 100% мамлекеттик монополияны киргизүү боюнча кечиктирилгис чаралар жөнүндө” жарлыгына ылайык иштей баштады.

Эске салсак, бул жарлыкка 2022-жылдын 12-июлунда кол коюлган жана сентябрдын башынан тарта күчүнө кирет.