Кара-Буура жана Сары-Кыр ашуулары жабык экени айтылды
Аба ырайынын кескин өзгөрүшүнө байланыштуу Транспорт жана коммуникациялар министрлиги республикалык жана облустук маанидеги ашуулардагы абал тууралуу билдирди.
Маалыматка ылайык, бүгүнкү күндө райондук администрациянын буйругу менен Жалал-Абад облусундагы Кара-Буура ашуусу (Ала-Бука – Жаңыбазар – Кировка унаа жолу) жана Нарын облусундагы Сары-Кыр ашуусу (Казарман - Жалал-Абад автожолу) толугу менен жабык.
Жолдордун башка тилкелерине чектөө киргизилген жок. Учурда аларды тазалоо иштери жүрүүдө.