Кара-Кулжада 150 окуучуга ылайыкталган мектеп ачылды

14 ноября 2023, 11:40

Кара-Кулжада 150 окуучуга ылайыкталган мектеп ачылды. Бул тууралуу Мамлекеттик курулуш агенттигинен билдиришти.

Тегерек-Саз айылындагы мекеменин курулушу 2021-жылы республикалык бюджеттин эсебинен башталган. Жаңы имарат эки кабаттуу окуу корпусунан турат.

Белгиленгендей, ноябрь айына карата өлкө боюнча 60 мектеп курулду. Жыл аягына чейин аякташы керек болгон дагы 40 объектте курулуш жүрүп жатат.