Кара-Кулжа районунда 700 миң сомдук жер тилкеси мыйзамсыз сатылган

8 июня 2021, 09:00

Кара-Кулжа районунда бала бакчага тиешелүү жер тилкесинин бир бөлүгүнүн мыйзамсыз сатылгандыгы аныкталды. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.

Прокурордук текшерүүдө аталган аймактын Кара-Кочкор айыл өкмөтү жер мыйзамдарын бузуу менен аукцион аркылуу Ак-Кыя бала бакчасынын аянты 650 чарчы метр жер тилкесинин бир бөлүгү 12 500 сомго мыйзамсыз сатылгандыгы белгилүү болгон. Ал эми аталган жер тилкесинин иш жүзүндөгү базар баасы 731 000 сомду түзөт.

Факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 320-беренеси (Кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу) боюнча сотко чейинки өндүрүш башталды.