Кара-Суу районунда жол белгилерин чыгарган цех иштеп баштады

28 марта 2024, 14:32

Ош облусунун Кара-Суу районунда жол белгилерин чыгарган цех ачылды. Ал №45 жол тейлөө ишканасынын базасында иштейт. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлиги билдирди. 

Ал жерде бир нече адам иштеп, азырынча күнүнө 30-40 белги чыгарышат.  

Министр Тилек Текебаев айрым кемчиликтерди жоюп, жабдууларды акырындык менен модернизациялоону тапшырды.