Кара-Суу районундагы мектептерге ысык тамакка 14 млн сом жумшалат

16 января 2024, 10:32

Кара-Суу райондук билим берүү бөлүмүнө караштуу мектептерде ысык тамак уюштуруу үчүн 14 млн 474 миң 480 сом сарпталат.Бул тууралуу Мамлекеттик сатып алуулар порталына жарыяланды. 

Белгиленгендей, каражат башталгыч класстардын (1-4-класс) окуучуларына тамак-аш азыктарын сатып алууга жумшалат. 

Тендерди уткан тарап өлкөнүн мыйзамына ылайык, тамак-аштын сапаты жана коопсуздугу үчүн жоопкерчилик тартат.  

Мамсанэпидкөзөмөл борборунан кондитердик цехтин санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлүнүн корутундусун алгандан кийин, тиешелүү органдар цехтин абалын текшерүүгө алат.