Кара-Сууда 68,5 млн сомго бала бакча курулду

7 февраля 2024, 12:50

Ош облусунун Кара-Суу районунда жаңы бала бакча ачылды. Жергиликтүү администрациядан билдиришкендей, Киров айылындагы мектепке чейинки билим берүү мекемеси 160 орунга чакталат.

Курулуш иштери 2022-жылы башталып, бул максатта мамлекеттик бюджеттен 68,5 миллион сом бөлүнгөн.