Каракол эл аралык аэропортунун курулушу жүрүүдө

4 марта 2024, 10:47

Каракол эл аралык аэропортунун курулушу 80%га бүттү. Бул тууралуу Манас эл аралык аэропортунан билдиришти. 

Курулуш иштери аяктагандан кийин Каракол аэропорту саатына 200-250 жүргүнчүнү тейлей алат. Деңиз деңгээлинен 1704 метр бийиктикте жайгашкан аэропорттун учуу тилкеси заманбап стандарттарга жооп берет.

“Каракол эл аралык аэропортунун учуу-конуу тилкесин 3750 метрге чейин кеңейтүү заманбап авиацияда кеңири колдонулган Airbus A320, Airbus A321, Boeing 737 сыяктуу учактарды сутканын каалаган убагында кабыл алууга мүмкүндүк берет”, - деп айтылат маалыматта.