Каракол шаарындагы көчөлөрдү оңдоого 26,5 млн сом сарпталат
Ысык-Көлдү өнүктүрүү фондунун башкаруу дирекциясы Каракол шаарындагы көчөлөрдү калыбына келтирүү үчүн эки жолу тендер жарыялады. Бул тууралуу мамлекеттик сатып алуулар сайтында жарыяланды.
Жалпысынан 1 чакырымдан ашык жолду оңдоого 25,6 миллион сом сарптоо пландаштырылууда. Анын ичинде калыбына келтирүү үчүн:
- Кашка-Суу кичи районундагы 600 метр узундуктагы көчөлөр - 17 миллион 264 миң 101 сом;
- Восход кичи районундагы узундугу 455 метр болгон көчөлөр - 8 млн 364 миң 748 сом.
Белгилей кетсек, жумуштарды аткаруу үчүн кызмат көрсөтүүгө келишим түзүлгөн күндөн тартып 30дан 40 календардык күнгө чейин.