Каракол шаары 11,6 млн сомго жол техникаларын сатып алды

21 июня 2021, 15:00

Каракол шаарынын жол кызматы үчүн 11,6 миллион сомго жол техникалары сатылып алынды. Каржылык колдоону Ысык-Көлдү өнүктүрүү фонду көрсөттү.

Муну менен Каракол шаарынын мэриясы жаңы асфальт төшөөчү техникага ээ болду. 

"Белгилүү болгондой, жакынкы күндөрү Караколдун ички көчөлөрүн оңдоо иштери башталат. Эгерде буга чейин атайын шаймандардын жетишсиздигинен улам, жолдорду оңдоодо көйгөйлөр жаралса, жаңы асфальт төшөөчү сатып алуу менен тапшырма бир топ жеңилдеди", - деп билдирди фонддун басма сөз кызматы.