Карантин аяктаганга чейин кайсы мекеме-жайлар иштебейт?

14 апреля 2020, 13:33

Республикалык ыкчам штаб Кыргызстанда карантин аяктаганга чейин ачылышы пландалбаган мекеме-жайлардын тизмесин түздү.

Белгилей кетсек, бүгүн президент Кыргызстандын Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаары, Ноокат жана Кара-Суу, Сузак райондорунда киргизилген өзгөчө абал тартибин 30-апрелге чейин узартуу боюнча жарлыкка кол койду. Өзгөчө абал 25-марттан 15-апрелге чейин киргизилген.

Карантин бүткөнгө чейин ачылышы пландалбаган жайлардын тизмеси:

- балдар бакчалары жана кошумча билим алуу боюнча ар кандай секциялар;

- мектептер, ЖОЖдор, орто окуу жайлары, колледждер, кесиптик окуу жайлар ишин дистанттык режимде улантат;

- оюн-зоок мекемелери, соода-сатык борборлору, дүкөндөр, ири базарлар, барлар, түнкү жана оюн клубдары, театрлар, музейлер жана кинотеатрлар.

Ошол эле учурда азык-түлүк дүкөндөрү жана жашоого керектүү товарлар сатылган базарлар, дарыканалар өз ишин улантат.