Каржы министрлиги: социалдык төлөмдөр, пенсия, жөлөк пулдар өз убагында төлөнүүдө

23 июня 2020, 12:15

«Пандемиядан улам, экономиканын бардык негизги секторлорунда экономикалык активдүүлүктүн басаңдашы болду жана өлкөнүн бюджетине терс натыйжа берип, салыктын жана башка кирешелердин төмөндөшүнө алып келди. Бирок, мындай кыйынчылыктарга карабастан, социалдык төлөмдөр, пенсия, жөлөк пулдар өз убагында төлөнүп берилүүдө», - деп билдирди КР Финансы министри Бактыгуль Жеенбаева.

 

Анын айтымында, өкмөт эл аралык финансы институттарына жана донор өлкөлөргө үч багыт боюнча – бюджеттик колдоо, COVID-19 вирустун жайылышын болтурбоо жана экономиканы колдоо үчүн кайрылууга муктаж болду.