Кыргызстандын картасы 15,8 гектарга кеңейиши мүмкүн – Ташиев

10 октября 2022, 14:26

Кыргызстандын картасы 15 миң 806 гектар жер менен толукталышы күтүлүүдө. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин жыйынында министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары – Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин башчысы Камчыбек Ташиев билдирди.

Анын айтымында, протоколго жана андан ары Өзбекстан менен чек ара боюнча тиешелүү мыйзам долбооруна кол коюлган учурда Кыргызстан бир да метр жерин жоготпойт.

Ташиев ошондой эле Кемпир-Абад суу сактагычы толук берилгенде суу ресурстарын биргелешип башкаруу болоорун белгиледи.

"Бул үчүн биргелешкен ишкана түзүлөт", - деди атайын кызматтын башчысы.