«РСК Банктын» Visa жана Mastercard карталары кадимки режимде иштеп жатат

11 марта 2022, 13:38

“РСК Банктын” Visa жана Mastercard эл аралык төлөм карталары кадимки режимде иштеп жатат, - деп маалымдайт “РСК Банк” ачык акционердик коому. Карталык операциялардын баардыгы (накталай эмес төлөм, банкоматтан акча каражаттарын алуу, онлайн сатып алуулар ж.б.) үзгүлтүксүз ишке ашырылат.

Белгилей кетсек, “РСК Банктын” Visa жана Mastercard карталары дүйнөнүн бардык өлкөлөрүндө тейленет. Учурда Орусияга каршы колдонулган санкцияларга байланыштуу Орусиянын аймагында гана бул карталар тейлөө үчүн жеткиликсиз. Орус сайттарында онлайн сатып алуулар да мүмкүн эмес.

Эске салсак, “РСК Банк” Visa жана Mastercard карталарынан тышкары “Элкарт” улуттук төлөм картасын чыгарат жана тейлейт.