Каржы министрлиги калкты жалган маалыматка ишенбөөгө чакырат

8 декабря 2023, 09:56

Социалдык тармактарда каржы министринин атын каралаган жалган маалыматтар тарап жатат. Каржы министри Алмаз Бакетаевдин атынан УТРКнын маалымат программасында президент Садыр Жапаров тууралуу айтылган маалымат фейк болуп саналат. Бул тууралуу Каржы министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. 

Маалыматка ылайык, социалдык тармактарда Каржы министри Алмаз Бакетаевдин атын каралаган жалган маалымат таратуу жана каржылык же саясий пайда алуу максатында таратылууда. 

“Каржы министрлиги бул маалымат чындыкка коошпой турганын расмий билдирет. Урматтуу Кыргызстандын жарандары, ар кандай фишинг сайттары тараткан жалган маалыматка алданып калбоону суранабыз”, — деп айтылат маалыматта.