Катар 1 млн долларга №6 оорукананын жаңы имаратын курууну баштады

9 августа 2022, 15:53

Бишкек шаардык №6 көп тармактуу клиникалык ооруканасынын аймагына 1 миллион долларга кошумча имарат курула турганын саламаттык сактоо министринин милдетин аткаруучу Жаркынбек Касымбеков билдирди.

Анын айтымында, жаңы имарат 3 кабаттуу, 75 керебеттүү имарат болуп, бардык керектүү заманбап медициналык жабдуулар менен камсыздалат. Имараттын негизги бөлүгүн хирургия жана реанимация бөлүмдөрү түзөрү пландалууда.

”Имараттын курулушу Катар мамлекети тарабынан каржыланат. Жалпысынан 1 млн долларга жакын каражат бөлүнүп, тиешелүү документтерге кол коюлду”, - деди ал.

Жаркынбек Касымбеков курулуш иштери башталып, бир жылдын ичинде толук бүтүрүү жоопкерчилиги “Лидер Хаус” компаниясына жүктөлгөнүн белгиледи.