Катарлык компания Бишкекти таштандыдан арылткысы келет

10 июня 2022, 12:04

Турмуш-тиричилик таштандыларын чыгаруу менен алектенген катарлык MRM PORT TRADING компаниясынын өкүлдөрү мэр Эмилбек Абдыкадыров менен болгон жолугушууда Бишкектин таштанды таштоочу жайынын аймагына 30 кичи таштандыларды кайра иштетүүчү комплекстерди орнотууга даяр экендигин билдиришти. Бул тууралуу борбор калаа мэриясынын басма сөз кызматы маалымдады.

Белгилүү болгондой, тиричилик таштандыларын чыгаруу долбоорунун бет ачарында ишкананын өкүлү электр энергиясы жана жер семирткич таштандыларды кайра иштетүүдөн алынарын айткан.

“Борбордун мэри кызматташууга даяр экендигин билдирип, компаниянын өкүлдөрүнөн долбоорду ишке ашыруу боюнча конкреттүү сунуштарды берүүнү суранды”, - деп билдирди мэриянын басма сөз кызматы.