Казакстандын банктары 9 айда 1.6 млн $ киреше тапкан

23 декабря 2020, 09:50

2020-жылдын январь-сентябрь айларында Казакстандык банктардын таза кирешеси 1.6 млн долларды түзгөн, өткөн жылдын ушул эле мезгилине салыштырмалуу киреше 33.6% өскөн. Бул тууралуу ranking.kz порталы билдирди. 

 

 

Маалыматка ылайык, 23 банк киреше менен иштеген, ал эми 3 банктын кирешесинен чыгашасы жогору болгон. Казакстандык  банктардын капиталы 9 млрд долларга жеткен. Өткөн жылдын ушул эле мезгилине салыштырмалуу банк капиталы 13.2% өскөн.