Баткендеги чек арада каза болгон эки жоокердин үй-бүлөсүнө батир берилди

13 февраля 2023, 17:22

Баткендеги куралдуу кагылышта каза болгон эки чек арачынын үй-бүлөсүнө коммерциялык банктар батир сатып беришти. Бул тууралуу Кыргызстандын банктар бирикмесинин басма сөз кызматы билдирди.

Бишкектин борборунан эки бөлмөлүү эки батир алуу үчүн 8,5 миллион сом чогулган. 

Каражаттарды төмөнкү банктар бөлгөн: 

  • “М Булак” микрокредиттик компаниясы;
  • ЭкоИсламикБанк;
  • FINCA Банк;
  • Халык Банк Кыргызстан;
  • Азия банкы;
  • “Бай-Түшүм” банкы;
  • Кыргыз-Швейцария банкы;
  • Капитал банкы;
  • Кыргызкоммерцбанк.

Батирлер каза болгон эки чек арачы С.Б.Иманалиев жана М.Н Избасаровдун апаларына катталды.