Казакстан коңшуларына аймактык AMAZON түзүүнү сунуштоодо

16 мая 2022, 12:38

Казакстан Борбор Азия чөлкөмүнүн өлкөлөрүн AMAZON, e-Bay, Ali-BABA жана Ali-Express сыяктуу глобалдык электрондук соода платформаларына кирүү үчүн күч-аракеттерди бириктирүүнү сунуштоодо. Бул тууралуу Кыргызстандын Экономика жана соода министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалымтака ылайык, бул тууралуу Нур-Султан шаарында Борбор Азиядагы сооданы жеңилдетүү боюнча аймактык жыйында айтылды.

Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында тараптар Борбордук Азия өлкөлөрү үчүн бирдиктүү электрондук соода платформасын түзүү концепциясын жана Борбордук Азиянын AMAZON долбоорун ишке ашыруу мүмкүнчүлүгүн кароого даяр экендиктерин билдиришти.

Ошону менен бирге жолугушууда Борбор Азия өлкөлөрүнүн продукциясын Евробиримдиктин рыногуна биргелешип чыгаруу маселеси талкууланды.