Казакстан Кыргызстанга гумжардам жөнөтөт

7 мая 2021, 10:00

Казакстан Кыргызстанга гуманитардык жардам катары 10 миң тонна ун жөнөтөт. Бул тууралуу Казакстан Республикасынын президентинин басма сөз катчысы Берик Уали өзүнүн «Фейсбук» баракчасына жазды.

Мындай чечимди Касым-Жомарт Токаев кабыл алган.

«Кыргыз Республикасы менен салттуу достук, союздаштык жана стратегиялык өнөктөштүк принциптерин жетекчиликке алып, президент Касым-Жомарт Токаев боордош кыргыз элине Казакстан элинин атынан гуманитардык жардам көрсөтүүнү чечти. 10 миң тонна ун коңшу өлкөгө жөнөтүлөт», - деп жазды басма сөз катчы.