Казакстан мунай казуунун көлөмүн суткасына 390 миң баррелге чейин кыскартат

21 мая 2020, 11:20

Казакстанда мунай казуунун көлөмү ОПЕК+ өлкөлөрүнүн келишимине ылайык, суткасына 390 миң баррелге чейин кыскарат. Бул тууралуу Казакстандын энергетика министрлиги билдирди. 

 

 

«2020-жылдын экинчи чейрегинде суроо-талаптын күнүнө 81,3 миллион баррелге чейин түшүшү күтүлүүдө. Рыноктун бардык катышуучулары мунай өндүрүүнү кыскартуу керектигин түшүнүштү, анткени бул чара мунай өнөр жайынын өнүгүшүнө оң түрткү берет», — деп билдирди Казакстандын энергетика министри Асет Магауов. 

Energyprom.kz порталы билдиргендей, 2020-жылдын январь-апрель айларында Казакстанда 6 млрд 950 млн долларга 26.96 млн тонна мунай өндүрүлгөн. Өсүү бир жыл ичинде 6.4% түзгөн. 

Андан сырткары, 2020-жылдын I кварталында Казакстан 18.3 млн баррель чийки мунай жана 8.8 млрд долларга чийки мунай продукту экспорттогон. Өндүрүлгөң мунайдын басымдуу бөлүгү Италияга (2.5 млрд долларга 5.1 млн тонна), Нидерландияга (934.4 млн долларга 2 млн тонна) жана Индияга (770.4 млн долларга 1.54 млн тонна) экспорттолгон. КМШ өлкөлөрүнө 87.4 миң тонна чийки мунай жана чийки мунай продуктулары 38.9 млн долларга экспорттолгон.