Казакстан ЕАЭБде кыргыз товарларын импорттоо боюнча негизги өлкө
Ушул жылдын биринчи чейрегинде былтыркы жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу Кыргызстандын продукциясын Казакстанга экспорттоо 56,4%га өссө, Орусияга жөнөтүү тескерисинче 1,2%га кыскарган. Муну Улуттук статистикалык комитеттин маалыматы тастыктайт.
Мындан тышкары Беларуска экспорт 4,8%га өскөн.
ЕАЭБ өлкөлөрүнө импорт 20,7%га өскөн. Баардык жеткирүүлөрдүн көбү Россиядан – 26,7%га, Беларусиядан – 7,7%га, Казакстандан – 5,1%га өскөн. Армениядан импорт 9,4% кыскарган.