Казакстан өзбек автоунааларынын негизги кардарына айланды
Мамлекеттик статкомитеттин маалыматына ылайык ушул жылдын январынан май айына чейин Өзбекстан автомобилдерин 134.9 млн$ га импорттогон. Негизги импортчу катары Казакстан аталган. Бул тууралуу Uzreport жазды.
Өзбекстандын авто өнөр жайынын экспорту өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 84,6 миллион долларга көбөйгөн. Ал эми негизги импорттоочу өлкөлөр:
- Казакстан - 127.млн$;
- Ооганстан - 2.7 млн$;
- Украина - 2.3 млн$;
- Кыргызстан - 1.0 млн$;
- Орусия - 955.9 миң$;
- Азербайжан - 444.7 миң$
- Тажикстан - 339.1 миң$
Ушул жылдын май айында эле Өзбекстан 22,5 миллион долларлык автоунааларды экспорттогон.