Казакстан Кыргызстан менен чек арадагы көпчүлүк өткөрүү пунктун убактылуу жапты

7 января 2022, 16:02

Бүгүн, 7-январдан тартып казак тараптын демилгеси менен бир тараптуу Казакстандын Бирдиктүү маалымат тутуму иштебей жаткандыгына байланыштуу Чүй облусундагы кыргыз-казак мамлекеттик чек ара аймагындагы "Кордай-авто жол" (РК) - "Ак-Жол-авто жол" (КР), "Карасу-авто жол" (РК) - "Ак-Тилек-авто жол" (КР) жана Ысык-Көл облусундагы "Кеген-авто жол" (РК) - "Каркыра-авто жол" (КР) өткөрүү жайларынан жарандарды жана транспорт каражаттарын өткөрүүнү убактылуу токтотту. Бул тууралуу УКМКнын Чек ара кызматынын маалымат жана коммуникациялар башкармалыгынан билдиришти. 

Муну менен, 7-январь саат 14:00 карата COVID-19га байланыштуу болгон чектөөлөрдү эске алуу менен кыргыз-казак мамлекеттик чек ара аймагында Чүй облусунда "Чалдыбар-авто жол" жана Талас облусунда "Чоң-Капка-авто жол" өткөрүү жайлары штаттык режимде иштеп жатышат.

“Кыргызстанда жүргөн Казакстандын жарандары Казакстанга "Ак-Жол" (КР) - "Кордай" (РК), "Ак-Тилек-авто жол" (КР) - "Карасу-авто жол" (РК) жана "Каркыра-авто жол" (КР) - "Кеген-авто жол" (РК) өткөрүү жайлары аркылуу чыкса болот”,- деп айтылат маалыматта.

Белгиленгендей, Кыргызстандын жарандары Чүй облусундагы "Чалдыбар-авто жол" жана Талас облусунда "Чоң-Капка-авто жол" өткөрүү жайлары аркылуу гана кире алышат. Кыргызстандын жана үчүнчү өлкөлөрдүн жарандары Казакстандын аймагы аркылуу башка өлкөлөргө транзиттик каттоосуна убактылуу тыюу салынды.