Казакстан Түркияга чартердик каттамдарды жандандырды

2 июня 2021, 16:30

Казакстан Түркияга чартердик каттамдарды жандандырды. Бул тууралуу аталган өлкөнүн Өнөр жай жана инфраструктураны өнүктүрүү министринин калк менен отчеттук жолугушуусунда белгилүү болду деп жазды "Kursiv".

Азырынча Анталияга 16 каттам болору белгилүү болду. Эгерде эпидемиологиялык кырдаал жакшы болсо, чартердик рейстердин саны келечекте көбөйүшү мүмкүн.

Буга чейин Казакстандын туроператорлору июнь айынын башында Казакстандан чартердик рейстердин ачылышын болжошкон.