«Эйр Астана» бразилиялык учак чыгарган компанияны сотко берди
Казакстандын улуттук "Эйр Астана" авиакомпаниясы Бразилиянын учак чыгаруучу Embraer компаниясына каршы сотко кайрылганын Reuters агенттиги жазды.
Соттук териштирүүнүн себеби, "Эйр Астананын" маалыматы боюнча, Embraerден ижарага алынган беш E190-300 аймактык учактын коопсуздугунда олуттуу көйгөйлөр болгон, атап айтканда:
- муздан тазалоо тутумунун иштен чыгышы,
- конуу учурунда гидравликалык системалардын "каскаддык катасы",
- бийиктиктеги көзөмөлсүз өзгөрүүлөр жана механикалык бузулуулар.
"Эйр Астана" кеминде 11,9 миллион доллар төлөп берүүнү талап кылууда. Доомат Нью-Йорктун Манхэттендеги Жогорку сотунда каралууда.
Өз кезегинде, Embraer "Эйр Астана" алдындагы милдеттенмелердин бузулгандыгын четке кагууда.