Эми кыргызстандыктар Казакстанга кирүүдө миграциялык картаны толтурбайт

8 февраля 2020, 15:02

Казакстан Республикасы өлкөнүн аймагына кирип жаткан жарандар алуучу миграциялык карталарды жойду. Бул тууралуу Inbusiness.kz порталы кабарлады.

«2020-жылдын 10-январынан тарта Казакстанга кирүү үчүн виза керектелген чет элдик жарандар өлкө аймагында 30 календарлык күн бою тоскоолдуксуз жүрө алышат. Алар миграциялык картасын дагы толтурушпайт, аталган документ жоюлат. Керектүү каттону көзөмөл өткөрүүчү пункттарындагы чек ара кызматкерлери жүргүзөт»,-деп айтылат маалыматта.