Казакстан менен Өзбекстандын товар айлануусу 4 млрд $ ашкан

9 марта 2020, 14:00

2019-жылдын жыйынтыгы менен Казакстан менен Өзбекстандын товар айлануусу 4 млрд доллардан ашкан. Бул тууралуу kapital.kz  порталы Өзбекстандын тышкы соода жана инвестиция министрлигинин билдирүүсүнө таянып, жазып чыкты. 

Министрлер  Сардор Умурзаков жана Бахыт Султанов соода-экономикалык кызматташтык боюнча суроолорду талкуулашты. 

Талкуунун жүрүшүндө номенклатураны кеңейтүү жана товардын көлөмүн көбөйтүү боюнча конкреттүү сунуштар айтылган. Андан сырткары, үстүбүздөгү жылдын апрель айында өтө туруучу өзбек-казак ведомство аралык жумушчулар тобунун жыйынында карала туруучу соода жүгүртүүнүн көлөмүн көтөрүү боюнча суроолор дагы талкууланды.

Эки өлкөнүн президенттери  эки тараптын соода көлөмүн бир жылда 5 млрд долларга чейин, ал эми 2-3 жылда 10 млрд долларга чейин көтөрүүнү  артыкчылыктуу милдет катары жарыялашкан.