Казакстан трансчегаралык дарыяларга акы төлөбөй турганы айтылды

17 января 2024, 14:22

Казакстан башка мамлекеттерге трансчегаралык дарыяларды пайдаланганы үчүн акы төлөбөйт. Бул тууралуу Казакстандын суу чарба жана ирригация министри Нуржан Нуржигитов билдирди. 

Анын айтымында, келишимдер Советтер Союзу маалынан бери иштеп келет. 

"Биз суу үчүн эч нерсе төлөбөйбүз. Бүгүнкү күндө трансчегаралык дарыялар үчүн төлөм жок. 1992-жылы мамлекет башчылар СССРдин тушунда болгон келишимдерди тастыкташкан, келишимдер кала берет, биз ал келишимдердин алкагында иштейбиз", - деди министр.  

17-январда Казакстандын Мажилисинин Экология жана жаратылыш ресурстары боюнча комитети Суу кодексин кабыл алды.