Казакстан, Өзбекстан жана Россия газ боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүздү

10 февраля 2023, 15:22

Кечээ, 9-февралда Санкт-Петербург шаарында Казакстан, Өзбекстан жана Россия газ боюнча сүйлөшүүлөрдү тездетүүнү макулдашты. Бул тууралуу Өзбекстандын Энергетика министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, аталган жолугушууда Өзбекстандын Энергетика министри Журабек Мирзамахмудов, “Газпром” ААК башкармалыгынын төрагасы А. Миллер жана Казакстандын Энергетика министри Болат Акчулаков менен үч тараптуу жолугушуу өткөргөн. 

“Тараптар Россиянын жаратылыш газын Өзбекстанга Казакстанстандын аймагы аркылуу жеткирүү маселелерин, тактап айтканда, үч тараптуу жумушчу топ жүргүзгөн алдын ала техникалык текшерүүнүн жыйынтыгын, жеткирүү мүмкүнчүлүктөрүн, ошондой эле жол картасын ишке ашырууну талкуулашты. Бул макулдашууга ушул жылдын январында кол коюлган”, - деп айтылат маалыматта.