Казакстанда 16 облуста транспортко чектөө киргизилди

16 февраля 2024, 16:50

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги аба ырайына байланыштуу кыргызстандыктарды Казакстанга жана Орусияга унаа менен баруудан убактылуу баш тартууну сунуштады. 

Маалыматка ылайык, Казакстанда республикалык маанидеги автожолдордун 100 тилкесинде 16 облуста транспорт кыймылына чектөө киргизилди.

“Абай, Акмола, Актобе, Алматы, Атырау, Чыгыш Казакстан, Жамбыл, Жетисуу, Батыш Казакстан, Караганда, Костанай, Кызылорда, Павлодар, Түндүк Казакстан, Түркистан жана Улытау облустарында жолдор жабык”, - деп айтылат маалыматта.