Казакстанда 2030-жылга чейин суунун тартыштыгы болжолдонууда

11 мая 2023, 15:42

Казакстанда 2030-жылга чейин 23 куб километр суунун жетишсиздиги болжолдонууда. Бул тууралуу “КазТаг” маалымат агенттиги Сенаттын депутаты Закиржан Кузиевге таянып билдирди.

Анын айтымында, Казакстан боюнча жер үстүндөгү суунун жалпы орточо жылдык көлөмү 101 куб километрди түзөт.

“Казакстанда сууну үнөмдөө боюнча жол картасы Экология жана жаратылыш ресурстары министрлиги, Айыл чарба министрлиги жана акимчиликтер тарабынан иштелип чыга элек. Долбоордук-жарактан чыгуу документтерин даярдоодо бетон лотокторду колдонуунун максатка ылайыктуулугун эсептеп чыгуу зарыл, алар бир нече жылда талкаланат. Полиэтилен түтүктөрүнүн иштөө мөөнөтү 30 жылдан ашат”, - деп белгиледи депутат.