Казакстанда инфляциянын деңгээли 0,9%ды түздү

2 мая 2023, 16:20

Апрель айында Казакстанда инфляция 0,9% деңгээлинде сакталды. Бул тууралуу Казакстандын Стратегиялык пландаштыруу жана реформалар боюнча агенттигинин Улуттук статистика бюросу билдирди. 

Маалыматка ылайык, баалар азык-түлүк товарларына 0,9%, азык-түлүк эмес товарларга 1,3%, акы төлөнүүчү кызмат көрсөтүүлөргө 0,4% кымбаттаган. 

"Апрель айында керектөө бааларынын индекси 0,9% түздү. Инфляциянын деңгээли Мартта  да ушундай болгон", - деп айтылат маалыматта.