Казакстанда ундун көлөмү 18% аз өндүрүлдү

24 июня 2020, 12:30

Казакстанда акыркы 5 айдын ичинде 1,28 млн тонна ун өндүрүлгөн. Бул өткөн жылдын ушул эле мезгилине салыштырмалуу - 11,5% аз. Жалпысынан өткөн жылга салыштырмалуу өндурүштүн көлөмү 18% төмөндөгөн. 

 

Анын ичинен: 

Костанай облусунда 425 миң тонна (2019-жылдан 0,6% аз), Шымкентте 144,4 миң тонна ун, өткөн жылга салыштырмалуу 33,5% аз өндүрүлгөн. Акмолу облусунда 137,1 миң тонна ун өндүрүлгөн, бул өткөн жылга салыштырмалуу 11,4% аз.