Казакстандын экономикасынын өсүүсү жайлашы мүмкүн

12 февраля 2020, 14:45

Казакстан Республикасынын өкмөтүнө ички керектөө менен экспорту стимулдаштыруу сунушталды. Дүйнөлүк банктын эксперттери чыгарган тыянакты «Курсив» басылмасы жазып чыкты.

Эксперттердин баамында, акырындоо экономиканын өсүшүнүн негизин түзгөн ички өсүүнүн төмөндөөсүнө байланыштуу болгон. ­Өлкөнүн дүйнөлүк соода жүгүртүүсүндөгү начар активдүүлүгү Казакстандын экспортуна терс таасирин тийгизген.

Дүйнөлүк банк Казакстанга өндүрүштү өстүрүүнү сунуштоодо, ал эми ал үчүн насыялар керек.  Ошондуктан банктык сектор багытын керектөөчүдөн корпоративдүүлүккө которуу керек.