Казакстандын мамлекеттик карызы 27 трлн долларды түздү

20 марта 2024, 11:30

Казакстандын каржы министри Мади Такиев 2024-жылдын 1-январына карата Казакстандын мамлекеттик карызы 27 триллион долларды түзгөнүн белгиледи. Бул тууралуу казакстандык басылмалар жазып чыкты. 

Министрдин айтымында, коопсуз деп эсептелген мамлекеттик карыздын чеги ИДПнын 32% түзөт.

“2024-жылдын 1-январына карата Казакстандын мамлекеттик карызы 27 трлн. ИДПга карата ал 22,8%ды түзөт”, - деди Такиев.