Казакстандын премьер-министри болуп Олжас Бектенов дайындалды

6 февраля 2024, 16:51

Казакстандын жаңы премьер-министри болуп Олжас Бектенов дайындалды. Бул тууралуу Акорданын басма сөз кызматы билдирди.

Тиешелүү жарлыкка Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев кол койгон. 

Олжас Бектенов 2023-жылдын апрелинен бери президенттик аппараттын жетекчиси болуп иштеп келген. Ага чейин 2018-жылдан бери Коррупцияга каршы күрөшүү бөлүмүнүн жетекчилигинде иштеген.