Кыргызстанда ар бир алтынчы кредиттик компания жоготууга учурады

22 августа 2023, 13:51

Кыргызстанда алты айлык ишинин жыйынтыгы боюнча ар бир алтынчы кредиттик уюм зыян тартты. Мындай тыянактарды Улуттук статистикалык комитеттин маалыматына таянып чыгарууга болот.

Ушул жылдын январь-июнь айларында Кыргызстанда 601 кредиттик уюм иштеген. Ошол эле учурда алардын 378и 2 миллиард 155,5 миллион сом киреше алса, 96 кредиттик мекеме же ар бир алтынчысы чыгаша менен чыккан.

Ошол эле учурда, калган 127 уюм эч кандай пайда алган эмес, бирок алар чыгымга да учураган эмес, нөлдүк финансылык натыйжа менен отчет беришкен.