Казино жана букмекердик кеңселерден бюджетке 32,5 млн сом түштү

1 сентября 2023, 09:00

Жети айда Кыргызстандын бюджетине оюн-зоок иштеринен салык түрүндө 32 млн 550 миң сом түшкөн. Бул тууралуу Каржы министрлиги билдирди.

Атап айтканда, каражаттын 31 млн 500 миң сомун салык түрүндө казинолор төлөшкөн. Калган 1 млн 50 миңин букмекерлер жана тотализаторлор төккөн. Белгилеп кетсек, букмекердик кеңселер салыкты июнь айында гана чегерип баштаган.

Бюджетке акыркы мезгилде казинолор да төлөй баштады. Эске салсак, апрель айында "оюн-зоок ишмердүүлүгүнө салык" графасында эч кандай киреше көрсөтүлгөн эмес.