Казинолордун ишмердүүлүгүнөн 86 млн сомдон ашык салык түштү

10 января 2024, 15:15

Кыргызстанда өткөн жылы казинолордун ишмердүүлүгүнөн 86 миллион сомдон ашык салык түштү. Бул тууралуу Каржы министрлигинен билдиришти.

Андан тышкары, өтүп кеткен жылдын 11 айында букмекер контораларынан жана тотализаторлордон 3,5 миллион сом которулган.

Эске салсак, өлкөдө 2012-жылы кумар оюндарына тыюу салынган. Бирок өткөн жылы мамлекеттик бюджетти толуктоо максатында казинолорду ачууга жол берген мыйзам кабыл алынып, ишмердүүлүккө лицензия берилип баштады.