Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү ноябрдан бери дээрлик 2 млрд кубметрге азайган

10 января 2020, 12:44

Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 10-январга карата 14 млрд 580,45 млн кубметрди түзгөн. Бул тууралуу ААК «Электрдик станция» билдирет. 

1-январга карата суунун көлөмү 14 млрд 954 млн кубметрди түзгөн. Сунун көлөмү өткөн айга салыштырмалуу 373,55 млн кубметрге азайган. 

2019-жылдын 1 - ноябрынан тарта суу сактагычтагы сунун көлөмү 2 млрд 453,95 млн кубметрге азайган.