Монополияга каршы жөнгө салуу агенттигине жаңы жетекчи дайындалды

16 апреля 2021, 09:27

Премьер-министр Улукбек Мариповдун ушул жылдын 14-апрелиндеги буйругу менен Кеңешбай Тайлаков экономика жана каржы министрлигинин алдындагы Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттигинин башчысы болуп дайындалды.

[жаңылыктар 34095]

Экономика жана каржы министрлигинин жетекчилиги командага Тайлаковду тааныштырды.

Эскерте кетсек, буга чейинки жетекчи Шухрат Сабиров премьер-министрдин буйругу менен кызматтан бошотулган.