Сауд Арабия ажылык үчүн кыргызстандыктарга 6 миң 60 квота бөлдү

3 ноября 2023, 09:40

2024-жылы ажыга барууну каалаган кыргызстандыктар үчүн Сауд Аравия 6 миң 60 орун бөлдү. Бул тууралуу муфтияттан билдиришти.

Эске салсак, ажылык сапарга каттоо 9-ноябрда башталып, 20-ноябрга чейин уланат.

Меккеге бара тургандар ID-карта менен электрондук каттодон өтүп, баштапкы төлөм катары банк аркылуу 2 миң доллар төлөшү керек. Ал эми сапардын жалпы баасы азырынча тактала элек.