Кепилдик фонду аял ишкерлерге 457 млн сомго 538 кепилдик берген

31 января 2020, 13:00

Кепилдик фонду аял ишкерлерге жалпы суммасы 400 млн сом болгон 538 кепилдик берген. Бул тууралуу «Кепилдик фонду» АККсынын төрагасы Малик Абакиров билдирди.

Анын айтымында, жалпы берилген кепилдиктердин 34%ы аял ишкерлерге туура келет.

«Аял ишкерлерге да көп көңүл бурабыз. 2017-жылы Кепилдик фонду Азия өнүктүрүү банкы менен бирге келечекте ишкер болчу 277 аялга окутуу өткөргөн. Алардын 20сы насыя алышты. Жыл сайын 1 миң 200 кишини окутуудан өткөрөбүз. Алардын арасында аялдар да бар. Фонд кепилдик алгандарды эркек ишкер же аял ишкер деп бөлбөйт», - деди ал.

Ошондой эле ал белгилегендей, фонд Дүйнөлүк банктын «Сүт тармагынын өндүрүмдүүлүгүн комплекстүү түрдө арттыруу» долбоорунун ишке ашырылышына да катышууда. Өткөн жылдын күз айларында Жети-Өгүз, Түп, Ак-Суу райондорунда 444 фермер 32 млн сомдук насыя алууга мүмкүндүк алган. Алдыда сүт фермаларын колдоо иштери Тоң жана Ысык-Көл райондорунда да улантылат.

«Жакында эле ишкерлер менен жолугушуп, бир аял, мурда үйдө отурганын, бирок биздин колдоонун аркасы менен сүт багытында ишкерлик кыла баштаганын айтты», - деди ал.