Кепилдик фонду январда 33.5 млн сомго кепилдик берген
Январда Кепилдик фонду дээрлик 33 млн сомго 40 кепилдик бекиткен. Бул тууралуу фонддун сайтында маалымдалат.
Маалымдалгандай, бул кепилдиктер аркылуу өнөктөш-банктар 99 млн сомго насыя беришкен.
Кепилдиктердин басымдуу бөлүгү мал-чарбачылыкка жана соода ишканалардын жүгүртүү каражаттарын толуктоого берилген.
Ал эми Ош облусу боюнча кепилдиктер өнөр жай жана курулуш материалдарын чыгарууга жана күйүүчү-майлоочу майларды сатууга адистешкен ишкерлерге көбүрөөк берилген.